# КР Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 210-т "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максаты жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 210-т "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максаты жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 210-р
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18076/edition/1096387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 210-т "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максаты жөнүндө" тескемеси (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218673

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 28-сентябры № 210-т Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджеты жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында “Санариптик экономика” мамлекеттик программасын ишке ашырууга каралган 131 355 036 (бир жүз отуз бир миллион үч жүз элүү беш миң отуз алты) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджета жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелуу өзгөртүүлөрдү карасын;

2) ушул тескеменин тиркемесинде каралган иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

3. Мамлекеттик органдар ушул тескемеге ылайык бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У. А. Марипов

Тиркеме “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында “Санариптик экономика” мамлекеттик программасын ишке ашырууга каралган 131 355 036 (бир жүз отуз бир миллион үч жүз элүү беш миң отуз алты) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын бөлүштүрүү

№

Долбоордун/иш-чаранын аталышы

Каржылоонун суммасы (сом)

Финансы каражаттарын алуучу

1

“Медкүбөлүк” автомагташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо

650 000

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

2

Стационарлык типтеги электрондук медициналык картаны модернизациялоо жана ишке киргизүү жана лабораториялык маалыматтык системаны ишке киргизүү

5 742 750

3

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сервистерин иштеп чыгуу: “Эмгекке жарамсыздык баракчасы” сервисин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; 083/у маалымкатып электрондук форматка которуу; 088/у маалымкатып электрондук форматка которуу (медициналык- социалдык эксперттик комиссия); 086/у маалымкатын электрондук форматка которуу;

1 500 000

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ай сайын социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө; багуучусунан ажырагандыгы ай сайын социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө

4

Кант диабетинин онлайн - режимдеги реестри

1 362 063

5

Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык системасынын финансылык чакан системасын программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде акча каражаттарын башкаруу жана аудит

7 590 000

6

Эмгек рыногунун маалыматтык системасынын кошумча модулдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

3 685 940

7

Туруктуу иштөөнүн коопсуздугун жогорулатуу үчүн компьютердик, сервердик жана системалык жабдууну сатып алуу (социалдык өнүктүрүү үчүн)

34 500 000

8

“Огасlе” жана “АFIS” маалыматтар базаларын башкаруу системасы” программалык камсыздоосун сатып алуу

24 407 000

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги

9

“Арда́гер” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү

8 213 589

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

10

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин борбордук аппаратында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн

6 487 260

Улуттук гвардиясында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда “Электрондук документ жүгүртүү” жана “Адам ресурстарын эсепке алуу” автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү

11

“Аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү

8 309 456

12

“Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтотууну электрондук каттоо, кайра каттоо жана каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасынын II этабын ишке ашыруу

5 660 000

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

13

Адам ресурстарын башкаруу маалыматтык системасы Менен интеграцияланган “Мамлекеттик органдардагы электрондук документ жугүртүү” маалыматтык системасын ишке киргизүү

23 246 978

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
