# КР Министрлер Кабитенин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 208-т (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды ишке ашыруу максаты жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабитенин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 208-т (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды ишке ашыруу максаты жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 208-р
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18075/edition/1088806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабитенин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 208-т (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды ишке ашыруу максаты жөнүндө) тескемеси (27.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 27-сентябры № 208-т Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттигине «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» товарларды эсепке алуу пункттарын үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары менен камсыз кылуу үчүн 3 электр генераторун сатып алууга салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга каралган 2021-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин;

2) «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөгүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А.Марипов
