# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18073/edition/1090163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө) тескемеси (24.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218670

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 24-сентябры № 409 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитуу жөнүндө" токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 338 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Төрага

У.А. Марипов

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары (өнөр жай маселелерин тескеген), комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;

Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдук менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин оор өнөр жай башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын кызматкери; "Дастан" Улуттар аралык корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору; "Озеро" биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; "Ак-Марал корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Айнур заводу" ачык акционердик коомунун директору; "Hyp" ачык акционердик коомунун президента (макулдашуу боюнча); "Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Майлы-Суу электроламмалык заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
