Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин («Ош облусунун жана Ош шаарынын өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант» долбоорун бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 2-сентябры № 164-т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык 2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы № 77 Мыйзамы менен ратификацияланган) "Ташып келүүлөрдүн, чакан жана орто ишканалардын агро азык-түлүк чынжырчасын чыңдоо" 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө жүзөгө ашыруу максатында:
1. "Ош облусунун жана Ош шаарынын өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
1) мыйзамда белгиленген тартипте кредиттин негизги суммасы боюнча кайтарылган каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсеп ачсын;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча андан-ары пайдаланылары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин Үзүрлүү өнөктөштүк комитети бекиткен долбоордук сунуштардын, Дүйнөлүк банктын жактыруусунун жана Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун арызынын негизинде Дүйнөлүк банктын жол-жоболоруна ылайык товардык-материалдык ресурстарды сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке берилүүчү товардык ресурстарга күрөөлүк документацияларды тариздөө үчүн тийиштүү документтерди өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) долбоордук сунуштарды тандап алуу процессинде тандалып алынган субъекттердин төлөө жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келишин аныктасын;
2) Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги жана Үзүрлүү өнөктөштүк боюнча комитеттин катчылыгынан берилген долбоордук документтердин негизинде товардык кредит алуучулар менен кредиттик-күрөөлүк документацияларды тиркемеде көрсөтүлгөн шарттарда тариздесин.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У. А.Марипов
Тиркеме
"Ош облусунун жана Ош шаарынын өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант" долбоору
1. Товардык кредит
Максаттуу багыт
Айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү үчүн товардык кредиттерди кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө катышкан айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө, айыл чарба кооперативдерине, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына, агро-соода-логистикалык борборлорго, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө берүү, алар 2-компоненттин алкагында долбоордук иш-чаралардын жүрүшүндө тандалып алынат
Кредит берүүнүн өлчөмү
1. Төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:
- бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө - 2000000 (эки миллион) сомго чейин;
- айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 35000000 (отуз беш миллион) сомго чейин.
Мында 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100000000 (жүз миллион) сомдон ашпашы керек
Категориялардын мүнөздөмөлөрү
- жеке айыл чарба өндүрүүчүсү;
- фермер чарбалары;
- айыл чарба кооперативдери;
- үрөн жана асыл тукум чарбалар;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары;
- агро-соода-логистикалык борборлор;
- айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр
Долбоорго катышуунун шарттары:
1. Кошумча нарк чынжырчасына катышуу (үзүрлүү өнөктөштүк).
2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу.
3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн милдеттүү шарттар:
- айыл чарба продукциясын өстүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында);
- Кыргыз Республикасынын резиденти болуу;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддо (мындан ары - Соцфонд) тийиштүү каттоодон өтүүсү;
- мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча карыз алуучунун мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жок болуусу;
- карыз алуучунун салыктарды, Соцфондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу
Пайыздык ставка
- 1,5% - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары;
- 1,5% - айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары;
- 2% - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр.
Пайыздар ай сайын эсептелет, төлөө кварталына бир жолу жүргүзүлөт. Төлөнүүчү кредиттер боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык чегерилген финансылык санкциялар тууралуу шарттары колдонулат
Жеңилдик мезгили
Карыздын негизги суммасын төлөөдөн толук бошотуу - 12 айга чейин. Жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин негизги сумма кварталына бир жолу мезгилдүүлүгү менен төлөнөт
Кайтаруу мөөнөтү
- 5 жылга чейин - өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү;
- 7 жылга чейин - мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө - көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр (багбанчылык);
- 7 жылга чейин - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн
Кредитти камсыздоо
200000 (эки жүз миң) сомго чейинки суммадагы товардык кредит болгон керектөөсүнө жана айыл чарба ресурстарынын болушуна, туруктуу киреше булагы бар адам менен кепилдик келишиминин таризделишине жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке мөөнөтү өтүп кеткен карызы болбогонуна жараша товардык кредит бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн же мэриянын сунушу болгондо кепилдик менен берилет
Күрөөлүк камсыздоо
200000 (эки жүз миң) сомдон ашкан товардык кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун Суроо-талаптын коэффициентинин жана бюджеттик кредитти камсыздоо тобокелдигинин чектүү чоңдуктарын аныктоо методикасына ылайык өтүмдүү кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздалат
2. Гранттык негизде
Максаттуу багыт
Гранттык негизде тандалган кошумча нарк чынжырчасынын иштеши үчүн чечүүчү мааниси бар коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга, айыл өкмөттөрүнө, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге гранттык негизде товарлар, кызмат көрсөтүүлөр түрүндө инвестициялык жардам берүү. Кошумча нарк чынжырчасын түзүү үчүн үзүрлүү өнөктөштүктүн катышуучуларына техникалык жардам жана окутуу. Калыбына келтирүү үчүн инфратүзүм объектилери, ошондой эле техникалык жардам алуу жана окутуудан өтүү үчүн катышуучулардын так саны 2-компоненттин алкагында долбоордун бенефициарларын түзүү, социалдык мобилизациялоо үчүн изилдөө жана талдоо жүргүзгөндөн, кыйла келечектүү нарк чынжырчаларын тандап алгандан кийин аныкталат
Акысыз негизде берилүүчү жардамдын өлчөмү
Бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жергиликтүү жамаатка, муниципалдык жана/же мамлекеттик мекемеге, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге - 2200000 (эки миллион эки жүз миң) сомдон ашык эмес
Категориялардын мүнөздөмөлөрү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер
Долбоорго катышуу критерийлери
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер кошумча нарк чынжырчасы системасы түзүлгөн же түзүлүүчү аймакта жайгашуусу керек (үзүрлүү өнөктөштүк);
- тандалган кошумча нарк чынжырчасы системасынын иштеши үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө грантты пайдалануу зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтерди берүү (чыгымдардын сметасы, үзүрлүү өнөктөштүктүн мүчөлөрүнүн биргелешкен кайрылуусу)
Пайыздык ставка
Колдонулбайт
Жеңилдик мезгили
Колдонулбайт
Кайтаруу мөөнөтү
Колдонулбайт
Күрөөсүз камсыздоо
Колдонулбайт
Күрөөлүк камсыздоо
Колдонулбайт
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- 2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош областында жана Ош шаарында…Закон · 18.07.2020 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 635 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө ЖОБО"Положение · 26.12.2018 · № 635 · Күчүн жоготкон