Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин ««Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 43 141 818 (кырк үч миллион бир жүз кырк бир миң сегиз жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын «Санарип экономика» мамлекеттик программасынын алкагында кредитордук карызы бар иш-чаралар боюнча бөлүштүрүү» тескеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 10-сентябры № 177-т Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында 2019-2020-жылдарга пландалган электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 43 141 818 (кырк үч миллион бир жүз кырк бир миң сегиз жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын «Санарип экономика» мамлекеттик программасынын алкагында кредитордук карызы, бар иш-чаралар боюнча бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
2) ушул тескеменин тиркемесинде каралган иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик органдар ушул тескемеге ылайык бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, сапариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У. А. Марипов
Тиркеме «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 43 141 818 (кырк үч миллион бир жүз кырк бир миң сегиз жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын «Санарип экономика» мамлекеттик программасынын алкагында кредитордук карызы бар иш-чаралар боюнча бөлүштүрүү
№
Долбоордун/иш-чаранын аталышы
Карыжылоо суммасы (сом)
Финансы каражаттарын алуучу
1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 98-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтык коопсуздугун жогорулатуу үчүн эки тармактар аралык экранды (фаервол) сатып алуу
1 584 804
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б буйругуна ылайык Банкрот иштери боюнча департаменттин банкрот- карызкорлордун автоматташтырылган системасын жана сайт- визиткасын иштеп чыгуу (тендердин катышуучуларына банкроттук жол-жобосунун жоктугу жөнүндө маалым кат берүүнү автоматташтыруу)
394 855
3
«Ыкчам-издөөнү эсепке алуу» маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
3 283 622
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
4
«Издөө» маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» маалыматтык системасы менен интеграциялоону камсыз кылуу
290 000
5
«Электрондук транспорттук контроль» маалыматтык системасын Евразиялык экономикалык бирлигинин маалыматтык системасы менен интеграциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
4 716 000
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
6
«КР ӨКМ АМС» компьютердик жабдуусун сатып алуу
760 610
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги
7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 98-б буйругунун алкагында 2020-жылда саламаттык сактоо, билим берүү, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чойрөсүндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
4 948 303
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
8
«Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги» маалыматтык системасын түзүү
2 310 000
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга карты жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
9
«Электрондук эсеп- фактуралар» маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу жана техникалык тейлөө
3 130 000
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
10
«Жыйынды пост» автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу
565 000
караштуу Мамлекеттик салык кызматы
11
«Курулуштагы лицензиялоо жана квалификациялык сертификаттар» маалыматтык системасын тузүү
3 679 600
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
12
«Долбоордук-сметалык документгерди мамлекеттик экспертизалоо» маалыматтык системасын түзүү жана ишке киргизүү, жеке компьютерлерди сатып алуу
9 574 924
13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу
705 000
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти
14
ММБР ВАМС программалык камсыздоосун жана коштоону өнүктүрүү, сервердик жабдуу комплексин жакшыртуу, модернизациялоо, техникалык тейлөө, жайгаштыруу жана системдик администрациялоо
2 619 400
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
15
«Электрондук соода аянтчасы» автоматгаштырылган маалыматтык системасын техникалык колдоо
2 200 000
16
«Е-кызмат» автоматташтырылган
1 380 900
Кыргыз Республикасынын
маалыматтык системасынын «Сынак- Тестирлое» модулун иштеп чыгуу
Мамлекеттик кадр кызматы
17
«Е-кызмат» автоматташтырылган маалыматтык системасынын «Электрондук штаттык расписание» программалык камсыздоосун иштеп чыгуу
998 800
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
КР ӨКМ АМС
Кыргыз Республикасынын өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Автоматташтырылган маалыматтык системасы;
ММБР ВАМС
«Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 98-б (Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санариптик Кыргызстан…Распоряжение · 24.03.2020 · № 98-р
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2020 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б (Финансылык каражатты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө)Распоряжение · 02.07.2019 · № 244-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон