Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Коопсуздук Кеңешинин ПЖ № 05-01-т «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча ишин текшерүү жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө» тескеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 13-сентябры ПЖ № 05-01-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобонун 6-пунктунун 14-пунктчасына жана 12-пунктунун 12-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча ишин текшерүү жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Абышев Кылычбек Асаналиевич
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Ширинбаева Алия Курманбековна
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Таалайбеков Майрамбек Таалайбекович
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
Осмонов Айбек Камчыбекович
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
Абдыбеков Урмат Насыпбекович
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
Жунусов Азамат Акматалиевич
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенуу бөлүмүнүн эксперти;
Жолдошбеков Улан Аскарбекович
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Аширходжаев Эркебек Джумабекович
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Амиров Уланбек Ильязович
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ички иштер органдарында тергөөну жана ыкчам- издөө ишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Таштанов Нуржан Анарбаевич
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жарандарды кабыл алуу жана документтерди жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги;
Келсинбек кызы Кереметкан
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана документтик камсыздоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Султанбеков Анвар Султанбекович
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндигин чектөө жана ажыратуу жайларында адамдын укуктарын сактоо бөлүмүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу;
Маданбеков Эмиль Асхатович
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Капаров Алтынбек Ахматович
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын алдындагы Башкы инспекциянын башкы инспектору;
Кыдырбаев Нурис Джумалиевич
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук терөөчүсү;
Абакирова Асель Мырзакановна
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгынын начальнигинин милдеттерин аткаруучу;
Мамытканов Шеримкул Замирбекович
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2021-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, анын ичинде мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын тапшырмаларын аткаруу боюнча ишин, андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо менен изилдеп чыксын.
3 Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле эксперттерди, консультанттарды жана адвокаттарды ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан комиссиянын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы
М.М. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.