# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т тескемесине2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБОсу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т тескемесине2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБОсу
- Актынын түрү: Временное положение
- Номери: 87-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/47-14/edition/1168586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т тескемесине2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБОсу (27.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218629

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 228-р тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т тескемесине)

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Убактылуу жобо 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктайт.

## 2-глава. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби

2. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн гана арналган жана төмөнкүлөргө багытталат:

1) 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды диспансерлештирүүгө, дарылоого жана реабилитациялоого (санатордук-курорттук дарылоо);

2) жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине, санаторийлерге жана пансионаттарга жиберүү аркылуу реабилитациялоону уюштурууга;

3) 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында талкаланган социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфратүзүм, ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация, саркынды сууларды чыгаруу объектилерин жана турак үйлөрдү курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого;

4) 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткандар үчүн социалдык объекттерди, инженердик курулмаларды, тосмолорду жана турак үйлөрдү (фундаменттерди, дубалдарды, чатырларды орнотуу ж.б.) курууну кошо каржылоого;

5) 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө жана жардам көрсөтүүгө багытталган башка иш-чараларды каржылоого.

3. Атайын эсептин каражаттарын ушул Убактылуу жободо каралбаган башка максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.

4. Бул Убактылуу жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар боюнча атайын эсептин каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 Жарлыгы менен түзүлгөн 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары - Комиссия) чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Убактылуу жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоону Комиссия кабыл алган чечимдердин негизинде ишке ашырат.

## 3-глава

. Социалдык объекттерди, инженердик курулмаларды, тосмолорду жана турак үйлөрдү курууну кошо каржылоодо атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык объекттерди, инженердик курулмаларды, тосмолорду, турак үйлөрдү курууну кошо каржылоого атайын эсептин каражаттарын которот.

7. Кошо каржылоо транштар менен жүргүзүлөт. Курулушту кошо каржылоо үчүн транштарды төлөө суммасын жана мезгилдүүлүгүн Комиссия аныктайт. Ошол эле учурда биринчи траншта которулган каражаттар максаттуу пайдаланылбаган учурда экинчи транш боюнча сумма которулбайт.

## 4-глава. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу үчүн жоопкерчилик

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

1) атайын эсептеги акча каражаттарынын кыймылын эсепке алууну жүргүзөт, атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет түзөт жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берет;

2) атайын эсептин каражаттарын сактоого, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;

3) Комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талабы боюнча атайын эсептин каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берет.
