# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 87-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18059/edition/1167903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 87-т "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында" тескемеси (08.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218628

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 228-р тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 8-июлу № 87-т 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул тескеменин 1-пункту менен бекитилген 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат деп белгиленсин.

Төрага

У.А. Марипов
