# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22552/edition/1101800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218618

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 27-августу № 156 Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө убактылуу жобо 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып пилоттук долбоорду өткөрүүнү уюштуруу боюнча чараларды көрсүн жана төмөнкүлөрдү бекитсин:

1) пилоттук долбоордо колдонулуучу контролдук-кассалык машиналардын убактылуу реестрин;

2) контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоорунун алкагында киргизилүүчү контролдук-кассалык машиналарга жана фискалдык модулдарга карата убактылуу техникалык талаптарды.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоорун уюштуруу жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына көмөк көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өткөрүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тийиштүү актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизишсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
