Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министирлер Кабинетинин «Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 27-августу № 157-т Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги чакан гидроэлектр станцияларын куруу үчүн суу фондунун төмөнкү жер участокторун “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мезгилге мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин:
- Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычынын плотинасынын төмөнкү бьефинде жайгашкан 0,50 га аянтын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Кол облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын плотинасынын төмөнкү бьефинде жайгашкан 7,20 га аянтын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл бол гон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон