# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 159-т ("Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну 2-сентябрдан 4-сентябрга чейинки мөөнөттө өткөрүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 159-т ("Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну 2-сентябрдан 4-сентябрга чейинки мөөнөттө өткөрүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 159-р
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18048/edition/1085054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 159-т ("Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну 2-сентябрдан 4-сентябрга чейинки мөөнөттө өткөрүү жөнүндө) тескемеси (27.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218613

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 27-августу № 159-т

Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү, өзгөчө абалды киргизүү учурунда жана аны камсыздоодо өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:

1. 2021-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрына чейинки мезгилде "Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу (мындан ары - машыгуу) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош, Баткен облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен өткөрүлсүн.

2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош, Баткен облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) машыгууга катышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Баткен шаарынын мэриясы, Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) өзүнчө резервдик түзүлүштөр менен машыгууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

5. Ушул тескемени ишке ашыруу министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла турганы белгиленсин.

6. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А.Марипов
