# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 153-т (Бюджеттин чыгымдарынын экономикалык жана социалдык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттөөнү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 153-т (Бюджеттин чыгымдарынын экономикалык жана социалдык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттөөнү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 153-р
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18046/edition/1087051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 153-т (Бюджеттин чыгымдарынын экономикалык жана социалдык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттөөнү киргизүү тууралуу) тескемеси (26.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 26-августу № 153-т Бюджеттин чыгымдарынын экономикалык жана социалдык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттөөнү киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде бюджеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бюджеттик программаларга ылайык түзүмүн жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын бекитилген штаттык сандын чегинде өз алдынча аныктоо укугу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө эмгек акы төлөө фондусунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жеткендиги үчүн кызматчылардын жана жумушчулардын кызматтык маянасын (же кызматтык маянасына үстөк акыларды) эсептөөдө колдонулуучу эселик коэффициенттерди белгилөө үчүн бош кызмат орундарынын болушунун жана штаттык санды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн эмгек акы төлөө фондунун каражаттарын пайдалануу жана сарптоо тартибин бекитсин;

2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине программалык бюджетти ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри бюджеттик программада каралган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин программалык бюджетин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А.Марипов
