# Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 139-т Тескемеси

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 139-т Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 139-р
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18045/edition/1083598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 139-т Тескемеси (13.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218610

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 13-августу № 139-т

1. Расмий тилдеги (расмий эмес котормо) төмөнкүлөр жактырылсын:

1) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) долбоору 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) долбоору 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Төрага

У.А.Марипов
