# КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 12-июлундагы N 91-т (Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

- Толук аталышы: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 12-июлундагы N 91-т (Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 91-р
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18038/edition/1152124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 12-июлундагы N 91-т (Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ (12.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218603

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 12-июлу № 91-б 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгынын урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 70000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтсүн:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйлангандарга, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга;

2) бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө жобого ылайык төлөнсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов
