Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН (Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 12-июлу № 91-б 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгынын урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 70000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтсүн:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйлангандарга, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга;
2) бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө жобого ылайык төлөнсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон