# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т (2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси.

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т (2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 97-p
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18032/edition/1087043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т (2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси. (14.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218595

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 14-июлу № 97-т

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

У.А.Марипов

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т тескемеси менен жактырылган

2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 2020-жылдын 9-декабрынла Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндү алкактык макулдашууга Кошумча макулдашуу (мындан ары - Кошумча макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипке күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карма-каршы келбейт. Кошумча макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет (2019-жылдын 27-июнундагы чыг. № 6-15537/19), Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет (2019-жылдын 28-июнундагы чыг. № 6-15671/19), Бюджет жана финансы боюнча комитет (2019-жылдын 28-июнундагы чыг. № 6-15605/19) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 267-6 буйругу менен жактырылган. Кол коюлган Кошумча макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета Корея эл аралык кызматташтык агенттигине (мындан ары -КOIСА), анын персоналына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө артыкчылык жана иммунитет берүүгө милдеттенет. Аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча болуп саналгандыгынан, ошондой эле ага ылайык артыкчылык жана иммунитет беруу каралгандыгына байлагыштуу, республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынбайт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кошумча макулдашуу ратификацияланууга тийиш. Кошумча макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилет.
