# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 61-т “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:"тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 61-т “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:"тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 61-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18031/edition/1072182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 61-т “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:"тескемеси (25.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218594

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 25-июну № 61-т

“Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Казахстан Республикасынан келген 5 091,090 (беш миң токсон бир тонна токсон килограмм) тонна өлчөмүндөгү жогорку унду, 4 904,0 ( төрт миң тогуз жүз төрт) тонна өлчөмүндөгү биринчи сорттогу унду эркин рынокто, анын ичинде ведомстволук уюмдар жанан республиканын региондорундагы жооптуу сактоочулар аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жанан финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгиленген баада сатсын.

2.Унду сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке багытталары белгиленсин.

3.Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатылуучу ундун баасын Кыргыз Республикасынын ички рыногунда түзүлгөн минималдуу дүң бааларды эске алып, кайра карап чыгуу укугу менен белгилесин

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүң.

Төрага

У.А.Марипов
