КР Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БУЙРУГУ 2021-жылдын 14-июну № 37-б "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
У. А.Марипов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 37-б буйругу менен жактырылган
2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунун аракетине туура келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 30-мартындагы № 6-4046/21 чечими (Комитеттин бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 6-983и/21 каты), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 6-4306/21 чечими менен жактырылган (Комитеттин төрагасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 6-1063и/21 каты). Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 88-б буйругу менен жактырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд) түзүү жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда, анын ичинде төмөнкү тармактарда өзүн актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат:
- суу менен камсыздоо сектору;
- саламаттык сактоо сектору;
- энергетика сектору;
- автомобиль өнөр жайы;
-туризм;
- билим берүү, адам ресурстарын өнүктүрүү;
- илим, изилдөө жана технологиялар;
- химиялык жана нефти химиялык өнөр жайы;
- агроөнөр жай комплекси;
- тигүү жана текстиль өнөр жайы;
- кайра иштетүү өнөр жайы;
- кен казуу жана металлургия өнөр жайы;
- транспорт;
- соода;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- маалыматтык технологиялар.
Венгрия тараптын уставдык капиталды 50000000 (элүү миллион) АКШ долларына жеткирүү ниети менен Фонддун уставдык капиталы 16000000 (он алты миллион) АКШ долларын түзөт. Уставдык капиталга төгүмдөрдү Венгрия камсыз кылат. Макулдашууга ылайык Тараптардын мамлекеттеринин аймагында турган Фонддун мүлкү жана активдери Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган, ошондой эле Макулдашуунун 8-беренесинин жобосун ишке ашырууга байланышкан учурларды кошпогондо, текшерүүдөн, реквизициядан, камоодон, конфискациялоодон, экспроприациялоодон, же алып коюунун, же болбосо ээликтен ажыратуунун ар кандай башка формасынан коргоого ээ. Макулдашуунун 8-беренесинде Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн ченемдери белгиленген, талаш-тартыштар келип чыккан учурда алар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен же болбосо Бейтарап сотко кайрылуу жолу менен чечилет. Жогоруда айтылган ченемдер эки тараптуу экономикалык байланышты кеңейтүүгө жагымдуу таасир этет жана Венгриядан Кыргыз Республикасына келүүчү түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө көмөктөшөт, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 88-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө расмий тилде тиркелген…Распоряжение · 08.04.2021 · № 88-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон