Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында) токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 30-июну № 69-т
2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмотү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн 2 500 000 (эки миллион беш жуз миң) евро суммасындагы грантын жана Европа бирлигинин 1 000 000 (бир миллион) евро суммасындагы грантын кайтарымсыз негизде алууга Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясы менен Субгранттык макулдашууну түзсүн;
2) Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясы менен теменку шарттарда Субкредиггик макулдашууну тузсун:
- кредиттин суммасы - 2 000 000 (эки миллион) евро;
- кредит берүүнүн мөөнөтү - 15 жыл, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгил менен;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгорүлмелүү пайыздык ставка - Euribor + иш жүзундө өздөштүрүлгөн карыздын суммасына жылдык 1,0 пайыз;
сатып алынып жаткан жабдуу жана кредиттии эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдыи 15-майында жана 15-ноябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2023-жылдын 15-майы, кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2034-жылдын 15-ноябры;
- төлөм кечиктирилген учурда айыптык санкциялар мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып аталган карыз толугу менен жоюлган датаны кошкондо - Euribor + жылдык 2 пайыз;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылдык 0,5 пайыз өлчөмүндө комиссия, ал Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин эсептелет жана "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркыпды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору күчүнө киргенден кийин төлөнөт;
- эсеп ачуу үчүн бир жолку комиссия - берилип жаткам кредиттин каражаттарынан 1 пайыз өлчөмүндө.
2. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына төмөнүулөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
1) кредитти Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык белгиленген тартипте кайтарууну;
2) "Нарын шаарында суу мепен камсыздоо жана саркыпды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоорун ишке ашыруунун алкагында бюджеттик кредитти максаттуу пайдаланууну.
3. Бул тескеменин агкарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Адмииистрациясынын экономика жана финансы болүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон