Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2021-жылдын 14-апрели № 89-б Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын киргизүүнү этап-этап менен жандандыруу шарттарында калктын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
жетинчи абзацындагы "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он төртүнчү абзацындагы "Саламаттык сактоо министрлигинин" деген сөздөр "Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан, алар "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн коронавирустук инфекцияга (COVID-19) текшерүүлөрдүн терс жыйынтыктарын көрсөткөн шартта.";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү кечиктирилгис чараларды көрүшсүн";
- 5-пунктундагы "Транспорт жана жол министрлиги" деген сөздөр "Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон