# КР министрлер кабинети (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР министрлер кабинети (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 38-р
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18007/edition/1252316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР министрлер кабинети (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218568

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ БУЙРУК 2021-жылдын 15-майы № 38-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы; Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыч Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору - Кеңештин катчысы. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
