# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 108-б "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максаты жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 108-б "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максаты жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 108-р
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17994/edition/1152234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 108-б "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максаты жөнүндө" буйругу (28.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218552

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 28-апрели № 108-б

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи жолу иштетүүгө уруксат берилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов
