# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 129-б "Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максаттарын аткаруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 129-б "Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максаттарын аткаруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 129-р
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17993/edition/1152218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 129-б "Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максаттарын аткаруу жөнүндө" буйругу (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 129-б Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишке тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жайларды акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, 35 (отуз беш) айлык мөөнөткө, андан ары мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берсин.

2. Мамлекеттик менчик үлүшү бар чарбакер субъекттерге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган максаттар үчүн жайларды акысыз пайдалануу шартында мамлекеттик органдарга ижарага берүү сунушталсын.

3. Ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган жайларды коммуналдык тейлөө жана күтүүгө эксплуатациялык чыгымдарды каржылоо товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов
