# Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 жылдын 22 апрелиндеги № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 жылдын 22 апрелиндеги № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17992/edition/1158828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 жылдын 22 апрелиндеги № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу (29.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218550

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 260 жарлыгынын негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 22-апрели № 430 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 71-б буйругуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү өз иштерин ушул буйрук менен бекитилген Жобону жетекчиликке алуу менен өз ара байланышта жүргүзүшсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 13-июнундагы № 415 буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 708 буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 17-январындагы № 17 буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 26-февралындагы № 119 буйругу.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов
