# КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-майындагы, № 3-б (Оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-майындагы, № 3-б (Оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 3-р
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17967/edition/1152198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-майындагы, № 3-б (Оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу (18.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ БУЙРУК 2021-жылдын 18-майы, № 3-б Кайра уюшулган жана оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдары үчүн тийиш болгон бюджеттик каражаттарды жана башка түшүүлөрдү пайдаланууну эсепке алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнде» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен «Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин бюджеттик каражаттарды жана башка түшүүлөрдү эсепке алуу жана пайдалануу максатында оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карашсын

Төрага

У. А. Марипов
