Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер кабинетинин (Оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ БУЙРУК 2021-жылдын 18-майы, № 3-б Кайра уюшулган жана оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдары үчүн тийиш болгон бюджеттик каражаттарды жана башка түшүүлөрдү пайдаланууну эсепке алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнде» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен «Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин бюджеттик каражаттарды жана башка түшүүлөрдү эсепке алуу жана пайдалануу максатында оптималдаштырылган саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметасына түзөтүүлөрдү киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карашсын
Төрага
У. А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фөндунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга бөлжөлу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Закон · 18.04.2022 · № 28
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон