# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 122-б (Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 122-б (Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 122-р
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17966/edition/1152214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 122-б (Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн) буйругу (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218523

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 4-майы, № 1225-б Медициналык кызматкерлерге бир жолку акчалай компенсация төлөө чыгымдарын каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23 жана 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституцялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин эсебинен коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 243 000 000 (эки жүз кырк үч миллион) сом бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражаттарын макстаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У. А. Марипов
