Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 4-майы, № 1225-б Медициналык кызматкерлерге бир жолку акчалай компенсация төлөө чыгымдарын каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23 жана 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституцялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин эсебинен коронавирустук инфекцияны (COVID-19) жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 243 000 000 (эки жүз кырк үч миллион) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражаттарын макстаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У. А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.12.2021 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2020 · № 15