# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 97-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Улуттук классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколдун долбооруна макулдук берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 97-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Улуттук классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколдун долбооруна макулдук берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 97-р
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17965/edition/1067425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 97-б (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Улуттук классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколдун долбооруна макулдук берүү тууралуу) буйругу (16.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218522

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 16-апрели № 97-б Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Улуттук классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.

Төрага

У. А. Марипов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Улуттук классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгы, 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге негизденип, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара маданий алаканын жана окутуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жазуучуларынын, публицисттеринин көрүнүктүү классикалык чыгармаларын адабий которуу жана басып чыгаруу саясатын жайылтуу ниетинде, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты: 1-берене. Тараптар эки өлкөнүн жазуучуларынын жана публицисттеринин көрүнүктүү улуттук, классикалык жана башка популярдуу чыгармаларын өз ара адабий которуу жана жарыялоо боюнча долбоорду (мындан ары - долбоор) башташат. 2-берене. Тараптар 5 жыл бою өз өлкөсүндө классикалык адабияттын көрүнүктүү чыгармаларын адабий которууну жана басып чыгарууну колдоо жолу менен долбоорду эки тараптуу негизде ишке ашырышууда. Тараптар учурдагы адабий котормолор жөнүндө даярдалган маалыматтардын негизинде ата мекендик авторлордун классикалык чыгармаларынын жана көрүнүктүү заманбап прозаларынын 50-100 (элүү-жүз) аталышынан библиографиялык тизмелерди тандашат, түзүшөт жана бири-бирине расмий түрдө беришет. Чыгармаларды тандоо аркылуу Тараптардын ар бири ушул Протоколду колдонуу убактысы ичинде которулууга жана басып чыгарылууга тийиш болгон 25тен кем эмес адабий чыгарманы бекитет. Тараптардын котормолорун басып чыгаруунун жалпы саны 50 чыгармадан кем болбошу керек. Долбоорду ишке ашырууга, тактап айтканда, чыгармаларды адабий которууларга жана басып чыгарууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Тараптардын ар биринин тиешелүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзүлөт. Каржылоонун конкреттүү ыкмасы ушул Протоколго ылайык түзүлгөн комитеттин эксперттеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжалары боюнча аныкталат. 3-берене. Тараптар Кыргызстандын жана Кытайдын авторлорунун чыгармаларын которуу жана жарыялоо боюнча Бириккен эксперттик комитетти (мындан ары - Комитет) түзүшөт, ал классикалык жана башка чыгармаларды адабий которуу, жарыялоо жана басып чыгаруу жаатында Тараптардын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу тең төрагалардан турат. Төрагалар консультациялардын жана макулдашуунун натыйжалары боюнча Тараптардын мамлекеттеринин адабият жана басма иши жаатындагы мамлекеттик бийликтин аткаруу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Тараптардын жазуучулук, басма, китепкана жана башка гуманитардык чөйрөлөрүндөгү 4 (төрт) экспертти тандашат жана Комитеттин курамына киргизишет. Комитет өз ара которуу жана жарыялоо үчүн адабият чыгармаларын долбоорлоо жана аныктоо үчүн жооп берет, ошондой эле аталган ишти жүргүзүү боюнча маалымдоо сунуштамаларын берет. 4-берене. Тараптар Комитеттин алдында Биргелешкен катчылыкты (мындан ары - Катчылык) түзүшөт. Катчылыктын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Тараптардын долбоорго катышуусун координациялоо;

- автордук укук маселелери боюнча консультация берүү;

- долбоорду ишке ашыруу процессин контролдоо;

- жумуштарды аткарууда Тараптарга көмөк көрсөтүү.

5-берене. Тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон басма ишинин бир же бир нече органын аныктоого милдеттенишет. Жогоруда аталган органдар Катчылыкка адабият чыгармаларынын котормолорун жана алардын кыскача мазмунун, басма жана чыгаруу маалыматтарын, автордук укукка ээ болуу, тандоо, редакциялоо, которуу, долбоорлоо, басып чыгаруу жана адабият чыгармаларынын котормолорун чыгарууну көрсөтүү менен аткарылган иштер жөнүндө жыл сайын отчёт беришет. 6-берене. Тараптар Протоколго кол коюлган күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде бири-бирине библиографиялык тизмелерди жана сунушталган адабияттын үлгүлөрүн берүүгө милдеттенишет. Тараптардын ар бири өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык экинчи Тарап сунуштаган чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу боюнча акыркы чечимди кабыл алууга укуктуу. 7-берене. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар достук консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет. 8-берене. Ушул Протоколдун колдонулушу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдердин жоболорунан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделген, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 9-берене. Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири экинчи Тараптын ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоосун алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.

2021-жылдын \_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында, ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үчүн

Кытай Эл Республикасынын Пресса жана басма сөз мамлекеттик башкармалыгы үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
