# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 121-б (Жоюу комиссиясын түзүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 121-б (Жоюу комиссиясын түзүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 121-р
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17959/edition/1070535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы, № 121-б (Жоюу комиссиясын түзүү тууралуу) буйругу (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218514

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 4-майы № 121-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүн (мындан ары - Өкүлчүлүк) жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн тиркемеге ылайык курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн.

2. Жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- Өкүлчүлүктүн мүлкүн эсепке алсын жана бааласын;

- Өкүлчүлүктүн материалдык-техникалык базасын, финансы каражаттарын жана башка мүлкүн инвентаризацияласын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин балансына өткөрүп берсин;

- жоюу балансын бекитсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүн жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ

Каймазаров Т.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин директору, комиссиянын төрагасы;

Айдит Э.

\-

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчи-элчиси;

Сооданбекова А.М.

\-

"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;

Саманчиева А.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин башкы адиси;

Кудайбердиев Б.Э.

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Стамалиев Т.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы;

Омурзакова Ж.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;

Алымбеков Р.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин башкы инженери.
