# Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2021-жылдын 26-апрелиндеги N 103-б (Кыргыз Республикасынан башкаруучусу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2021-жылдын 26-апрелиндеги N 103-б (Кыргыз Республикасынан башкаруучусу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 103-р
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17955/edition/1152229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2021-жылдын 26-апрелиндеги N 103-б (Кыргыз Республикасынан башкаруучусу жөнүндө) буйругу (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218508

---

КР 2021-жылдын 8-январы ПТ № 14 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 26-апрели № 103-б

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 30-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:

- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине;

- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына.

2. Башкаруучунун альтернаты болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

- Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Эл аралык валюта фондунда, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин тышкы блокту тейлөөчү орун басары.

Премьер-министр

У.Марипов
