Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун (Кыргыз Республикасынан башкаруучусу жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-08.
КР 2021-жылдын 8-январы ПТ № 14 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 26-апрели № 103-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 30-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине;
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына.
2. Башкаруучунун альтернаты болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Эл аралык валюта фондунда, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин тышкы блокту тейлөөчү орун басары.
Премьер-министр
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14 "Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 08.02.2022 · № 14
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон