# КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17951/edition/1152277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" буйругу (21.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218503

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 1-апрели № 318 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин:

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-мартындагы № 363 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 10-февралындагы № 29 буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 61 буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 488 буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-февралындагы № 114 буйругу;

6) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-июлундагы № 491 буйругу.

Премьер-министр

У.А.Марипов

Тиркеме

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы; Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Л.М.Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
