Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 2-апрели № 83-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюуну аяктоо боюнча чараларды аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык мүлктү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын балансына;
- ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык мүлктү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун балансына;
- ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык мүлктү "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесинин балансына;
- Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1 дарегинде жайгашкан чектеш аймагы менен мамлекеттик имаратты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана анын ведомстволук уюмдарын жайгаштыруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасынын балансына.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин этабы менен жайгашуу үчүн Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын жайларын жоюу процесси аяктаганга чейин мүмкүнчүлүккө жараша бошотушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемеси, "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык Жоюу комиссиясы тарабынан өткөрүп берилүүчү мүлктү белгиленген тартипте балансына кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана анын ведомстволук уюмдарын Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имаратка жайгаштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бошотулуп жаткан Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын жайларына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмдөрүн жайгаштырсын;
- жоюу процесси аяктаганга чейин Жоюу комиссиясына 5 бирдик автотранспорт каражатын убактылуу колдонууга берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыздасын:
- ушул буйруктун 1-пунктунун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик имаратты жана чектеш аймагын;
- ушул буйруктун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жер участогун.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашуу боюнча Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттагы зарыл болгон эмеректин бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын балансына өткөрүп берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) мүлкүнүн ТИЗМЕСИ
1. Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көч., н/ж (идентификациялык номери 1-04-13-0033-0526) дарегинде жайгашкан аянты 0,579 га жер участогу;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) колдонуусунда болгон бардык уюштуруу техникасы;
3. Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын ичиндеги болгон бардык эмерек.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун балансына өткөрүп берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) мамлекеттик имараттарынын жана турак батирлеринин ТИЗМЕСИ
Кыймылсыз мүлк
Юридикалык дареги
1
Жер участок
Жалал-Абад облусу, Ала-Бука а., И.Кулбаев көч., 34-б
2
Административдик имарат, ичинде болгон эмерек менен
Чүй облусу, Люксембург а., Железнодорожная көч., 75
3
Административдик имарат, ичинде болгон эмерек менен
Ош облусу, Кара-Суу ш., Бакиев көч., 157
4
Административдик имарат, ичинде болгон эмерек менен
Талас облусу, Талас ш., Бердике Баатыр көч., 265 "а"
5
Административдик имарат, ичинде болгон эмерек менен
Жалал-Абад ш., Курманбек көч., н/ж
6
Батир, ичинде болгон эмерек менен
Ош облусу, Кара-Суу ш., Ленин көч., 44/3
7
Батир, ичинде болгон эмерек менен
Ош ш., Урицкий көч., 15, 1-батир
3-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы" мамлекеттик мекемесинин балансына өткөрүп берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕСИ
Транспорт каражатынын аталышы
Чыгарылган жылы
Түсү
ЭККМКнын бекитип берилген бөлүнүшү
Абалы
1
Тойота Лэнд Крузер Прадо
2008-ж.
алтын
БА
жакшы
2
Ренж-Ровер-Эвок
2015-ж.
кара
БА
жакшы
3
Ниссан Патрол
2011-ж.
ак
БА
жакшы
4
Тойота ЛК 100
2001-ж.
көк
БА
канааттандыраарлык
5
Хонда Аккорд
2011-ж.
кара
БА
жакшы
6
Хонда Цивик
2013-ж.
ак
БА
жакшы
7
ВАЗ 21074
2012-ж.
ак
БА
жакшы
8
ВАЗ 21074
2011-ж.
ак
БА
жакшы
9
Даймлер-Бенц D212
1999-ж.
ак
БА
орто
10
Мерседес-Бенц Е320
1996-ж.
көк
БА
орто
11
Мерседес-Бенц Е320
1994-ж.
күмүш
ЫИБ
орто
12
Хонда Цивик
2011-ж.
боз
ЫИБ
орто
13
Хонда Цивик
2011-ж.
боз
ЫИБ
орто
14
Тойота Каролла
2012-ж.
кара
ЫИБ
орто
15
Мерседес-Бенц Е280
1997-ж.
каралжын боз
ЫИБ
орто
16
Мерседес-Бенц Е320
1995-ж.
боз
ЫИБ
ремонт керектелет
17
Ниссан Максима
1997-ж.
ак
БА
ремонт керектелет
18
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча РАБ
жакшы
19
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Жайыл жана Панфилов райондору боюнча РАБ
жакшы
20
Мерседес-Бенц Е 220
1993-ж.
көк
ЭККМКнын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча РАБ
орто
21
Лада 21214 (Нива)
2006-ж.
ак
ЭККМКнын Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору жана Нарын шаары боюнча РАБ
орто
22
ВАЗ 21074
2012-ж.
ак
ЭККМКнын Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча РАБ
орто
23
Тойота Камри
2010-ж.
ак
ЭККМКнын Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондору жана Каракол шаары боюнча РАБ
жакшы
24
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча Р АБ
жакшы
25
ВАЗ 21074
2011-ж.
ак
ЭККМКнын Бакай-Ата/Талас райондору жана Талас шаары боюнча РАБ
орто
26
ВАЗ 21074
2011-ж.
ак
ЭККМКнын Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча РАБ
орто
27
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча РАБ
жакшы
28
Ниссан Икс-Трэйл
2011-ж.
кара
ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы
жакшы
29
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча РАБ
жакшы
30
ВАЗ 21074
2011-ж.
ак
ЭККМКнын Араван жана Ноокат райондору боюнча РАБ
орто
31
ВАЗ 21074
2011-ж.
ак
ЭККМКнын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча РАБ
орто
32
Лада 21214 (Нива)
2018-ж.
ак
ЭККМКнын Баткен жана Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча РАБ
жакшы
33
ВАЗ 21703
2008-ж.
ак
ЭККМКнын Сокулук жана Москва райондору боюнча РАБ
ремонт керектелет
34
ВАЗ 21114
2008-ж.
ак
ЭККМКнын Кемин, Чүй райондору жана Токмок шаары боюнча РАБ
орто
Кыскартуулардын тизмеги:
ЭККМК
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);
БА
-
борбордук аппарат;
ЫИБ
-
ыкчам издөө башкармалыгы;
РАБ
-
райондор аралык бөлүм.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- 2021-жылдын 5-марты № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө"Постановление · 05.03.2021 · № 71
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон