Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиркемеге ылайык тизмекте көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттарды жана/же документтерди, суралган маалыматтар санарип форматына толук которулган шарттарда кагаз түрүндө жеке жана юридикалык жактардан талап кылуу жол-жоболорун жоюуу жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 31-марты № 77-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2021-жылдын 1-апрелинен баштап:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиркемеге ылайык тизмекте көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттарды жана/же документтерди, суралган маалыматтар санарип форматына толук которулган шарттарда кагаз түрүндө жеке жана юридикалык жактардан талап кылуу жол-жоболорун жоюшсун;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары, талап кылынган жерге кайрылган учурда, маалым каттарды жана/же документтерди кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүсүн камсыздашсын;
3) тиркемеге ылайык тизмекке киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу (кайтарымсыз негизде) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сервистердин иштөөсүн жана маалымат алмашуусун камсыздашсын;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилсин жана/же жеке жана юридикалык жактардан маалым каттарды жана/же документтерди суроону жокко чыгаруу жөнүндө локалдык акт кабыл алынсын;
5) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөнүн укуктук негиздери болгон бөлүктөрдө "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышын камсыздашсын;
6) үч айлык мөөнөттө ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу сервистердин маалымат алмашуусун техникалык координациялоо маселелери боюнча методологиялык жардам көрсөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.Марипов
Тиркеме
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттардын жана/же документтердин ТИЗМЕГИ
№
Маалым каттын аталышы
Сервистин аталышы
"Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын Каталогундагы сервистин аталышы
Сервиске жетүү мүмкүнчүлүгүн берген мамлекеттик орган
1
Салык төлөөчүнүн салыктык карызы жоктугу жөнүндө маалым кат
Салыктык карызынын бар/жоктугун текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/taxpayerDataBylnn/v1
ЭФМ (МСК)
2
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым кат
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү
centraI-server/GOV/70000002/gns-service/getBalanceByPin/
ЭФМ (МСК)
3
Салык каттоосу жөнүндө маалым кат
Юридикалык жактын катталгандыгын текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/tpDataBylNN/v1
ЭФМ (МСК)
4
Пенсияны алуу фактысы жөнүндө маалым кат
Пенсия алуучу жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000003/settlements-service/GetPensionlnfoWithSum
ССӨМ (СФ)
5
Камсыздандырылган жактын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө
Камсыздандырылган жактын камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000003/settlements-service/GetWorКPeriod lnfoWithSum/
ССӨМ (СФ)
6
Ишкерлик иш жөнүндө маалым кат
Ишкерлик ишти жүргүзүү жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000002/gns-service/TPBusinessActivityDateBylnn/v1
ЭФМ (МСК)
7
Кыймылдуу мүлкү бар экендиги жөнүндө маалымат
Транспорттук каражаттар жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000005/vehicles-service/transportCurrentlnfo/v1
ЮМ (ММК)
8
Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөн маалымат
Каза болгондугу жөнүндө каттоо актысынан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinDeathAct/v1
ЮМ (ММК)
9
Даректик маалым кат
Жарандын даректик каттоосу жөнүндө маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/asb-service/asbAddress/v1
ЮМ (ММК)
10
Бодо малдын бар экендиги жөнүндө маалымат
КРдин жаранына катталган бодо мал жана чочколордун бар экендигин текшерүү
central-server/GOV/70000036/AITS/Data/v1
ВФКМИ
11
Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/таандык эместиги жөнүндө маалым кат
Жарандыкты кабыл алгандыгы же чыккандыгы жөнүндө маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/citizenship-service/citizenshipStatusByPin/v1
ЮМ (MMК)
12
Кыймылсыз мүлкү жоктугу жөнүндө маалым кат
Аты-жөнү боюнча издөө
central-server/GOV/70000019/dКrpni-service/SFPsearch/v1
MCBXPP (ГАЗР)
13
Товардык белгилер боюнча маалымат
Сервис: товар белгилеринин улуттук маалыматтар базасы боюнча маалымат
central-server/GOV/70000014/patent-service/GetTradeMarК/v1
ЭФМ (Кыргызпатент)
14
Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат (толук эмес маалым кат)
GetInformationFromScannedOSК
central-server/GOV/70000006/osk-subsystem/GetlnformationFromScannedOSК/v1
ИИМ
15
Аскер кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу социалдык кепилдиктерди пайдаланган, башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымат
Башка мамлекеттердин аймагындагы аскердик аракеттердин катышуучулары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000039/veteran/AnotherStateReference/
КM (КИМК)
16
Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат
Психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000015/mz-rcpz/GetPerson/v1
ССӨМ
17
Наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат
Наркологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000015/mz-narКo/GetPerson/v1
ССӨМ
18
Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө
Аталышы боюнча юридикалык жакты каттоо жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000024/minjust-service/getSubjectByName/
ЮМ
19
Никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат
Никеге туруу жөнүндө акты жазууларынан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinMarriageAct/v1
ЮМ (MMК)
20
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат
Туулгандыгы тууралуу акты жазууларынан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinBirthAct/v1
ЮМ (MMК)
21
Никеден ажыратуу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат
Никеден ажыратуу жөнүндө акты жазууларынан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinDivorceAct/v1
ЮМ (MMК)
22
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу жөнүндө маалым кат
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу
centraI-server/GOV/70000007/foms-service/MhiCheck/v1
ССӨМ (ФОМС)
23
Патенттин көчүрмөсү
Активдүү патенттер бар экендигин текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/getPatentByPin/
ЭФМ (MCК)
24
Иштеген жеринен маалым кат
"е-Кyzmat" автоматташтырылган маалыматтык системасында камтылган мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар жана башка кызматкерлер жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000062/Кadry-service/employeeDataByPin/v1
MКК, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
25
Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалым кат
Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө электрондук маалым кат (Эмгек рыногу системасынан маалымат)
central-server/GOV/70000012/mlsd-service/GetUnemployee Status/v1
ЭСӨМ
26
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты (Майыптыгы жөнүндө күбөлүк)
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын электрондук маалым каты (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө маалымат)
central-server/GOV/70000012/mlsd-service/MSECDetails/v1
ЭСӨМ
27
Жумушка жарамсыздыгы жөнүндө барак (эмгекке жарамсыздык барагы)
Убактылуу жумушка жарамсыздыгы жөнүндө берилген барактарга ылайык уюмдар боюнча маалымат
central-server/GOV/70000015/mz-mishealth/getsickleave/
ССӨМ
28
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалым кат
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулар жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000039/veteran/ChernobylReference/
КМ (КИМК)
29
Күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалым кат (Улуу Ата Мекендик согуш)
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000039/veteran/GreatPatrioticWarReference/
КM (КИМК)
30
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалым кат
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пенсионерлери жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пенсионерлери жөнүндө объективдүү маалымат
central-server/GOV/70000039/veteran/PensionerReference/central-server/GOV/70000039/veteran/PensionerDetailsReference/
КM (КИМК)
31
Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерин (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган укук талаптары жөнүндө Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө
central-server/GOV/70000024/czrk
ЮМ
32
Медициналык ишке лицензия
Медициналык ишке лицензия
central-server/GOV/70000015/mz-Ipo/ozMZByLPO/v1
ССӨМ
33
Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалым кат
Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалымат берүү
centraI-server/GOV/70000046/sport-titles/GetData/
МКИСМП (ГАМФКС)
34
Бошотулгандыгы жөнүндө маалым каттын дубликаты
Бошотулгандыгы жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000026/certicateofexemption/gsin-freeprisoner/
ЮМ (ЖАМК)
35
Диний уюмду эсепке алууну каттоо жөнүндө күбөлүк
Диний уюмдар жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000009/gkdr-cervice/GetOrganizations/v1
ДИБМК
36
Кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат
Кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча маалыматтарды берүү сервиси
central-server/GOV/70000022/sot-service/getRestrictionsByEni/
ЮМ (MMК)
37
Кыймылдуу мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат
Кыймылдуу мүлктү камакка алуу боюнча маалыматтарды берүү сервиси
central-server/GOV/70000022/sot-service/getRestrictionsByPin/
ЮМ
38
Улуттук паспорттор жөнүндө маалымат
Жарандардын паспорттук дайындары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000005/passport-service/zagsDataByPinExtended/v1
ЮМ (MMК)
39
Аталыгын аныктоо жөнүндө маалымат
Аталыгын аныктоо жөнүндө актылар жазуусунан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinPaternityAct/v1
ЮМ (MMК)
40
Жубайы, балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат
ПИН боюнча балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsStatement/v1
ЮМ (MMК)
41
ФАА алмаштыруу жөнүндө маалым кат
ФАА алмаштыруу жөнүндө актылар жазуусунан маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinNameChangeAct/v1
ЮМ (MMК)
42
Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат
Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат (ПИН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsMaritalStatus/v1
ЮМ (MMК)
Эскертүү: Ушул тизмектин 8, 19, 20, 21, 39, 40, 41 жана 42-пункттарында көрсөтүлгөн жарандык абалдын актылары жөнүндө маалым кат жана/же документтерди суроону жоюу жол-жоболору 2015-жылга чейин катталган жарандык абалдын актыларына жайылтылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы…Указ · 08.02.2021 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон