Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Эл аралык документтердин долбоору менен макулдашуу жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 10-марты № 54-б Тиркелген долбоорлорго (принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн көңүлгө алуу менен) макулдук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун добооруна (1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө протоколдун долбооруна (2-тиркеме).
Премьер-министр
У.Марипов
1-тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда Контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети; 2000-жылдын 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бажы ишинде кызматташуу жөнүндө макулдашууну натыйжалуу ишке ашыруу максатында; контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүүдө Тараптардын кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында; контрабанда, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык, соода, финансылык, социалдык жана маданий кызыкчылыктарына зыян келтирүүсүн көңүлгө алуу менен; баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун, ошондой эле куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын мамлекеттеринин коомдук коопсуздугуна, адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып жаткандыгын эске алуу менен; эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын жетекчиликке алып; төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат: "бажы мыйзамдары" - товарларды, кол жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдүн жүгүн, валюталык жана башка баалуулуктарды, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана курьердик жеткирүүлөрдү ташып кирүү, ташып чыгуу, транзит менен өткөрүү, бажы алымдарын, жыйымдарын жана башка төлөмдөрдү алуу, бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди берүү, чектөөлөрдү киргизүү жана тыюу салуу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек аралары аркылуу товарлардын кыймылын контролдоо тартибин жөнгө салган Тараптардын мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларынын жыйындысы; "бажы мыйзамдарын бузуу" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен белгиленген бажы эрежелерин мыйзамды бузуу менен сактабоо; "контрабанда" - Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүгө тыюу салынган же чек коюлган товарларды, буюмдарды, заттарды, материалдарды бажы контролунан тышкары же жашыруу менен же болбосо документтерди же бажы идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу же болбосо декларациялабоо же жалган декларациялоо менен Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек аралары аркылуу ташып өтүү; "баңги каражаттары" - 1961-жылдын 30-мартындагы Баңги каражаттарынын бирдиктүү конвенциясынын I жана II тизмелерине акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен киргизилген табигый же синтетикалык заттар; "психотроптук заттар" - 1971-жылдын 21-февралындагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын I, II, III жана IV тизмелерине акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен киргизилген табигый же синтетикалык заттар; "прекурсорлор" - эл аралык конвенцияларда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү үчүн пайдаланылган химиялык заттар катары квалификацияланган заттар жана алардын туздары; "жак" - жеке жана юридикалык жак; "жактар жөнүндө маалыматтар" - белгиленген же белгиленүүчү жакка тиешелүү болгон кандай болбосун маалыматтар. 2-берене.
1. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык контрабанданын жана бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аларды аныктоо, иликтөө жана аларга бөгөт коюу максатында биринчи кезекте куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кызматташат.
2. Ушул Макулдашуу жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү маселелерин козгобойт.
3-берене.
1. Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптан ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы саналат.
2. Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрдөн болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмү жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Контрабандага каршы күрөшүү жана бажы аудити башкы башкармалыгы саналат.
3. Жогоруда аталган ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары жана (же) функциялары өзгөрүлсө, Тараптарга өз убагында дипломатиялык каналдар боюнча билдирилет.
4-берене. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүүдө кызматташууну жана өз ара көмөктөшүүнү төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырышат:
а) бажы мыйзамдарын бузган же ага шектелген же болбосо куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, баңги каражаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар катары белгилүү болгон жактарга маалыматты текшерүү жана берүү боюнча көмөк көрсөтүү;
б) бажы мыйзамдарын бузуу максатында колдонулган же колдонууга шектелген же болбосо куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, баңги каражаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар катары белгилүү болгон товарларга, транспорттук каражаттарга, почта жана курьердик жеткирүүлөргө карата маалыматты текшерүү жана берүү боюнча көмөк көрсөтүү;
в) контрабанданы аныктоо жана товарларды мыйзамсыз ташып өтүү фактылары, контрабанда буюмдарын мыйзамсыз ташып өтүү маршруттарын жана жашыруу ыкмаларын табуу жөнүндө маалымат берүү;
г) товарларды мыйзамсыз ташып өтүү жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагы боюнча башка буюмдарды ташып өтүү менен байланышкан даярдалып жаткан, аткарылган же аткарыла турган укук бузуулар же кылмыштар жөнүндө алдын алуучу маалымат менен алмашуу;
д) Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы бажы мыйзамдары жөнүндө төмөнкүдөй маалымат менен алмашуу:
контрабанда жана Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүүнүн методдору жана ыкмалары жөнүндө; баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун жаңы түрлөрү жана алар өндүрүлгөн жерлер, мыйзамсыз ташып өтүү маршруттары жана жашыруу ыкмалары жөнүндө; куралдарды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз ташып өтүүнүн каттамдары жана жашыруунун ыкмалары жөнүндө. 5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө учурдагы жана кечиктирилгис милдеттерди ыкчам чечүү, ошондой эле маалымат, анын ичинде алдын алуучу маалыматтар менен алмашуу үчүн байланыш адамдарын аныктоо менен биргелешкен жумушчу топту түзүшөт.
2. Ушул Макулдашууга кол коюлган датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен Тараптар ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн байланыш адамдарынын тизмелери жана алардын байланыш каналдары менен алмашат (электрондук почтанын даректери, телефон номерлери).
3. Тараптар кыска мөөнөттүн ичинде бири-бирин байланыш каналдарынын, ошондой эле байланыш адамдарынын тизмесинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымат берип турушат.
6-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин аймагы боюнча ташып өткөрүлүүчү товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүү менен байланышкан, даярдалып жаткан, жасалган же жасалып жаткан укук бузуулар же кылмыштар жөнүндө алдын ала маалымат, ошондой эле Тараптардын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү менен байланыш адамдарынын ортосунда Тараптардын белгиленген байланыш каналдары боюнча жүзөгө ашырылган текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат алмашат.
2. Тараптар ушул Макулдашууга кол коюлган датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен расмий кат алмашуу аркылуу алдын ала билдирүүнүн өз ара макулдашылган формасын кабыл алышат.
7-берене. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын жана улуттук мыйзамдарынын алкагында контрабанда жана бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын жасоого тартылган жактарды, топторду аныктоо максатында алдын ала маалымат боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрө алышат. 8-берене.
1. Ушул Макулдашуунун негизинде жөнөтүлгөн суроо-талаптар жазуу жүзүндө баяндалууга тийиш. Суроо-талапка аны аткаруу үчүн керектүү документтер тиркелүүгө тийиш.
Шашылыш учурларда суроо-талаптар белгиленген байланыш каналдары боюнча адегенде электрондук формада, кийин жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде жөнөтүлгөн суроо-талаптар, төмөнкүдөй маалыматты камтышы керек:
а) суроо-талап жиберген бажы органынын жана суроо-талап алган бажы органынын аталышын;
б) ушул Макулдашууга шилтемени;
в) Суроо-талаптын предметин жана себебин;
г) ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле ишке тиешеси бар башка документтерге шилтемелерди;
д) иликтөө жүргүзүлүп жаткан жактар тууралуу так жана толук маалыматты;
е) ишке тиешелүү жагдайлардын баяндамасын;
ж) суралып жаткан маалыматтын тизмегин;
з) бажы органынын жетекчисинин же жетекчинин орун басарынын кол тамгасын.
3. Суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган убакыттын ичинде аткарылат. Суралып жаткан маалыматты берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу зарыл болгон учурда, суроо-талаптын текстинде себептерди көрсөтүү менен эскертүү жасалат. Мындай учурда аткаруунун мөөнөтү эки жумага чейин кыскартылышы мүмкүн.
4. Эгерде суралып жаткан Тарап суралган маалыматка ээ болбосо, ошондой эле өзүнүн мамлекетинин башка мамлекеттик органдарынан маалымат алуу зарыл болгон учурда, ал өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык өз атынан бул маалыматты алуу боюнча чараларды көрөт. Мындай учурда суроо-талапты аткаруунун мөөнөтү эки айга чейин узартылышы мүмкүн.
5. Белгилүү бир аракеттерди жүзөгө ашыруу тууралуу суроо-талапты аткаруу аны алган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен жана аларга ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Эгерде суроо-талапты алган Тарап аны аткаруу өз мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтирет же анын мыйзамдарына же эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп эсептесе, анда суроо-талапты аткаруудан толук же жарым жартылай баш тартылат.
Суроо-талап алган Тарап көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарууга чейин өзү зарыл деп эсептеген шарттарда көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо үчүн суроо-талап жиберген Тарап менен консультацияларды өткөрөт. Коюлган шарттар менен макул болгон учурда суроо-талап жиберген Тарап аларды сактоону камсыз кылат.
7. Суралып жаткан маалыматты жөнөтүү мүмкүн болбогон же аны жарым-жартылай аткаруу мүмкүн болгон учурда, суроо-талап алган Тарап суроо-талап жиберген Тарапка бул тууралуу дароо маалымдайт.
8. Ушул Макулдашууга ылайык маалымат алмашуу орус тилинде жүзөгө ашырылат.
9-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган кайсыл маалымат, болбосун ушул Макулдашуунун максаттарында гана колдонулушу мүмкүн. Бул маалыматты берген Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аталган маалымат кандай болбосун үчүнчү жакка берилиши мүмкүн эмес.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында өткөрүлүп берилген маалыматты алган Тарап, аны талаптагыдай коргоону, анын ичинде ушул Макулдашууга жана купуялуу маалыматты коргоо жөнүндө ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жеке жактар боюнча маалымат алмашуу жеке жактардын өздүк маалыматтарын коргоону регламенттеген мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 11-берене. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды өз алдынча тартат. Ушул Макулдашуу мамлекеттер катышуучулары болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт. 12-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. 13-берене. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгерде Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө учурдагы беш жылдык мезгил аяктаганга чейин үч айдан кечиктирбей экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда ушул Макулдашуунун колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылып турат. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып төмөнкү ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин колдонулушу токтотулат:
- 1993-жылдын 18-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Баңгизат каражаттарын жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 1994-жылдын 2-февралында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик салык комитетинин ортосундагы Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 1994-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик салык комитетинин Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Контрабандага жана баңги бизнесине каршы күрөшүүдө өз ара маалымат алмашууну камсыздоочу кызматты уюштуруу жөнүндө макулдашуу;
- 1997-жылдын 5-сентябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Контрабандага, куралдарды, ок дарыларды, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды, прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
20___-ж. "___" ______________ ш. эки түп нускада, кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Тексттердин ортосунда айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги үчүн
Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн
2-тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара көмөктөшүү жөнүндө макулдашуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2000-жылдын 27-сентябрындагы Бажы ишинде кызматташуу жөнүндө макулдашуусун жетекчиликке алып, бажылык тариздөөдө так маалыматтарды берүү, бажы алымдарын, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү алуу, Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажылык контролду ишке ашыруу бөлүгүндө, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгүн таануу менен, бажы ишинде натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда тышкы соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык маалыматтар менен алмашат: Бажы режимине/жол-жоболоруна карабастан, бир Тараптын мамлекетинин аймагынан, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташылып чыккан; Бажы режимине/жол-жоболоруна карабастан, бир Тараптын мамлекетинин аймагынан, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташылып кирген. 2-берене. Маалымат ар бир ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, ушул Протоколдун тиркемесине ылайык түзүмгө жана форматка жараша, бажы кызматтарынын электрондук почтасы аркылуу электрондук корголгон пароль түрүндө берилет. 3-берене. Ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптан ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу орган жана өзбек тарап ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруу жана түз байланыштарды жүзөгө ашыруу жүктөлгөн өз мамлекеттеринин борбордук бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүн жана кызмат адамдарын аныкташат. Ыйгарым укуктуу орган жана өзбек тарап ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана кызмат адамдарынын тизмелери менен алмашат, аталган тизмедеги өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирин кабарлайт. 4-берене. Ушул Протоколду аткаруу маселелери боюнча кат алышуу расмий тилде жүргүзүлөт. Тараптар ушул Протоколго ылайык алынган маалыматтарды бажылык максатта гана колдонууга милдеттенишет. Мындай маалымат, ушул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен гана каалаган башка максаттар үчүн берилет же колдонулат. Тараптар, ушул Протоколдун алкагында алынган маалыматтын купуялуулугун өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык камсыз кылат. Ушул Протоколдун алкагында алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууну караган ушул Протоколдун жобосу анын аракети токтотулган учурда күчүндө калат. 5-берене. Ушул Протоколду чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. 6-берене. Ушул Протоколдун жобосу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарга жана милдеттерге таасир тийгизбейт. 7-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Протоколго анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 8-берене. Ушул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ушул Протокол Тараптардын биринин дипломатиялык каналдары боюнча экинчи Тараптын аны токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
______________ шаарында 20___-жылы "___" ____________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу протоколго тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө маалымат алмашуунун техникалык ШАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө товарларды өткөрүү жөнүндө маалымат DBF-файл түрүндө таризделет, анын түзүмү төмөнкүдөй келтирилген.
1.2. Маалымат Тараптардын төмөнкү электрондук маалымдамасынын негизинде даярдалат:
- бажы органдарынын классификатору;
- дүйнө өлкөлөрүнүн жана аймактардын классификатору;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;
- өлчөө бирдигинин классификатору;
- бажы режимдеринин/жол-жоболорунун классификатору;
- товарларды өткөрүү өзгөчөлүктөрүнүн классификатору;
- коддордун жана валюталардын аталыштарынын классификатору.
Тараптар өз убагында актуалдаштырылган маалымдама маалыматтары менен алмашууну ишке ашырат.
1.3. Тараптар төмөндө келтирилген эскертүүлөрдү көңүлгө алуу менен берилүүчү маалыматтын түзүмүнө ылайык DBF-файлдарын түзөт.
2. Берилүүчү маалыматтын түзүмү
2.1. Архивдик файлдын түзүмү.
Маалыматтарды берүү үчүн билдирмелер файлы түзүлөт:
- жалпы маалыматтардын файлы (файлдын аталышы - НЕАD.DBF);
- товарлардын файлы (файлдын аталышы GOODS.DBF).
2.2. Жалпы маалыматтар файлынын түзүмү.
Файлдын аталышы: НЕАD.DBF
Номер
Аталышы
Тиби
Узундугу
Мазмуну
1
ND
CHARACTER
24
ЖБД номери
2
EI
CHARACTER
1
Экспорттун/импорттун белгиси: Е - экспорт, I - импорт
3
ҮЕАR
CHARACTER
4
Жылы
4
MONTH
CHARACTER
2
Айы
5
G15а
CHARACTER
3
Жөнөткөн өлкөнүн коду(1)
6
G17а
CHARACTER
3
Баруучу өлкөнүн коду(2)
7
G11
CHARACTER
3
Сатып жаткан өлкөнүн коду
8
G012
CHARACTER
2
Бажы режиминин/жол-жобосунун коду
9
G022
CHARACTER
100
Жөнөтүүчүнүн аталышы
10
G023
CHARACTER
100
Жөнөтүүчүнүн дареги
11
RNN
CHARACTER
12
Жөнөтүүчүнүн ИСН (РНН)(2)
12
G082
CHARACTER
100
Алуучунун аталышы
13
G083
CHARACTER
100
Алуучунун дареги
14
RNN
CHARACTER
12
Алуучунун ИСН (РНН)(1)
15
G05
NUMERIC
3
Товарлардын жалпы саны
16
G19
CHARACTER
1
Контейнердик ташуулардын белгиси
17
G20
CHARACTER
3
Инкотермске ылайык товарларды жеткирүүнүн шарттары
18
G221
CHARACTER
3
Контракттын валютасынын коду
19
G23
NUMERIC
11.2
Валютанын курсу
20
G13
NUMERIC
11.2
Улуттук валютанын АКШ долларына карата курсу
21
G222
NUMERIC
17.2
Контракттын валютасына жалпы фактуралык нарк
22
G22S
NUMERIC
17.2
АКШ долларынын жалпы фактуралык наркы (эсептик талаа)
23
VIDTRANS
CHARACTER
2
Чек арадагы транспорттун түрү
24
NTRANS
CHARACTER
40
Чек арадагы транспорттун номери
(1) Импорт үчүн гана. (2) Экспорт үчүн гана.
2.3. Товарлардын файлынын түзүмү.
Файлдын аталышы: GOODS.DBF
Номери
Аталышы
Тиби
Узундугу
Мазмуну
1
ND
CHARACTER
24
ЖБД номери
2
G32
NUMERIC
3
Товардын номери
3
G33
CHARACTER
10
Товардын коду
4
G312
CHARACTER
250
Товардын сүрөттөлүшү
5
G41А
CHARACTER
3
Кошумча өлчөө бирдигинин коду
6
G315А
NUMERIC
15.2
Кошумча өлчөө бирдигиндеги товарлардын саны
7
G42
NUMERIC
17.2
Контракттын валютасындагы товардын наркынын фактурасы
8
G42S
NUMERIC
17.2
Товардын фактуралык наркы (эсептик талаа) АКШ долл.
9
G46
NUMERIC
17.2
Товардын статистикалык наркы, АКШ долл.
10
G34
CHARACTER
2
Товар чыккан өлкөнүн коду
11
G37
CHARACTER
7
Жол-жобо
12
G38
NUMERIC
17.2
Товардын нетто салмагы, кг
13
G35
NUMERIC
17.2
Товардын брутто салмагы, кг
14
G444В
CHARACTER
20
Товардык транспорттук документтин номери (т/ж коштомо кагазы)
15
G444В1
CHARACTER
20
Товардык транспорттук документтин номери (СМР)
16
G444В2
CHARACTER
20
Товардык транспорттук документтин номери (ТИР)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- ЕДИНАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1137 о наркотических средствах 1961 года (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года № 1498-XII)Конвенция · 30.03.1961
- КОНВЕНЦИЯ о психотропных веществах (Кыргызская Республики присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года № 1499-XII)Конвенция · 21.02.1971