# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 70-б "Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат ордуна дайындоо жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 70-б "Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат ордуна дайындоо жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 70-р
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17926/edition/1097749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 70-б "Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат ордуна дайындоо жөнүндө" буйруку (21.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218476

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК 2021-жылдын 23-марты № 70-б Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине ("2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары (бюджеттик блок);

- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары (экономикалык блок).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 207-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министри

У.Марипов
