# КР Премьер-министринин 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17924/edition/1281013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 23-мартындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйруку (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218474

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК 2021-жылдын 23-марты № 231 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кайра өзгөрүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

У.Марипов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

- уюштуруу-инспектордук иштер;

- укуктук экспертиза;

- социалдык өнүктүрүү;

- билим берүү, маданият жана спорт;

- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү;

- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү;

- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.".
