Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнүн ийгиликтүү даярдык көрүүсүн жана катышуусун камсыз кылуу, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун өз убагында жана сапаттуу өткөрүү жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 19-марты № 67-б Алдыда өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнүн ийгиликтүү даярдык көрүүсүн жана катышуусун камсыз кылуу, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүдөй уюштуруу комитети түзүлсүн:
1) 2021-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүн даярдоо боюнча, 1-тиркемеге ылайык курамда;
2) 2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун даярдоо жана өткөрүүчү, 2-тиркемеге ылайык курамда.
2. Уюштуруу комитеттеринин уюштуруу-техникалык жана башка ишин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги берген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларынын 2021-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга даярдануусу жана катышуусу, ошондой эле спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун өткөрүүгө даярдык көрүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин 2021-жылга бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде финансы каражаттары менен өз убагында камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга даярданып жаткан Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын медициналык кароодон өткөрүүнү;
2) 2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттары, Волейбол боюнча чакыруу кубогу жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафону өтүүчү, ошондой эле анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоого жана коопсуздукту камсыздоого тийиштүү зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан алдын ала жиберилген өтүнүчтөрдүн негизинде төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
1) эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын спорттук делегацияларынын мүчөлөрү үчүн чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу визаларын тариздөө маселелери боюнча дипломатиялык ноталарды даярдоого жана жиберүүгө;
2) визалык колдоолорду тариздөө үчүн чет өлкөлүк жарандар - спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөөдөн бошотулсун.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
1) спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу коноктордун коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
2) спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимди ыкчам тартипте кабыл алууга көмөк көрсөтсүн;
3) спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
8. Төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрияларына спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун символикалары бар жарнамалык такталар менен көчөлөрдү жасалгалоого көмөк көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнүн даярдык көрүүсүн жана катышуусун, ошондой эле спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарынын, Волейбол боюнча чакыруу кубогунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун жүрүшүн чагылдыруу жана көрсөтүү.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
У.Марипов
1-тиркеме
2021-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүн даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыч Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.
2-тиркеме
2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган спорттун түрлөрү боюнча Азия чемпионаттарын, Волейбол боюнча чакыруу кубогун жана Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонун даярдоо жана өткөрүүчү уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2012 · № 839
- О внесении изменения и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.2001 · № 29 · Күчүн жоготкон