# КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 12-мартындагы № 58-б "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 12-мартындагы № 58-б "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 58-р
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17910/edition/1058566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 12-мартындагы № 58-б "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо жөнүндө" буйруку (12.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218460

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 12-марты № 58-б

1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 Кошумча макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

У.А.Марипов
