Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 1-марты № 44-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген добоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү. аскер жаатындагы кызматташтыкты жана достук өз ара мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө умтулуп, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Аскер жаатында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимди жетекчиликке алып, Борбордук Азия регионундагы коопсуздукту бекемдөө зарылчылыгынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, аскердик чөйрөдө мурдатан болгон достук өз ара мамилелерди жана кызматташууну чыңдоону каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Казакстан Тарап кыргыз Тарапка ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Тиркемеде көрсөтүлгөн аскердик мүлктү берүү түрүндө кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. 2-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги. Ыйгарым укуктуу органдардын аталышы же функциялары өзгөргөндө Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча дароо билдиришет. 3-берене. Казакстан Тарап аскердик мүлктү Казакстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына (Кой-Таш калктуу конушуна) автомобиль транспорту менен жеткирүүнү камсыз кылат, анда Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан дайындалган өкүлдөр актты тариздөө менен аскердик мүлктү кабыл алууну жана өткөрүп берүүнү жүргүзүшөт. Кой-Таш калктуу конушуна чейин транспорттук чыгымдарды казакстан Тарап төлөйт. 4-берене. Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чейин 30 суткадан кеч эмес мөөнөттө казакстан Тараптын ыйгарым укуктуу органы кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу органына аскердик мүлктү жеткирүүчү өздүк курамдын аты жазылган тизмени берет. Аты жазылган тизмеге төмөнкү маалыматтар камтылат: аты-жөнү, туулган күн-айы, аскердик наамы, кызматы, өздүгүн күбөлөндүргөн документтин аталышы, сериясы жана номери. Аты жазылган тизме казакстан Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет. Казакстан Тараптын аскер кызматчылары Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасынан аты жазылган тизмеге ылайык Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер формасында Казакстан Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көрсөтүп өтүшөт. 5-берене. Кыргыз Тарап казакстан Тараптан ушул Макулдашуунун алкагында алынган аскердик мүлктү же аны пайдалануу укугун үчүнчү тарапка бере албайт. 6-берене. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тийиштүү протоколдор менен таризделет. 7-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу талаш маселелер өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 8-берене. Ушул Макулдашуу, кыргыз Тарап дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө казакстан Тараптан жазуу жүзүндөгү кабарлоо алган датадан баштап күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү аскердик мүлктү толугу менен кыргыз Тарапка берген убактан баштап токтотот, аны Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ырасташат. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда ушул Макулдашуунун 5-беренесинде каралган кыргыз Тараптын милдеттери күчүндө калат.
________________ шаарында 20____-жылдын "___" - ________________ ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга тиркеме
Берилүүчү аскердик мүлктүн ТИЗМЕГИ
№
Мүлктүн аталышы
Ченөө бирдиги
Саны
1
5,45-мм патрон ПС огу менен
даана
6000480
2
122-мм реактивдүү снаряд бытыра-фугастык башкы бөлүгү менен
даана
1000
3
Кызгылт-сары түтүн чыгаруучу жер бетиндеги сигналдык патрон
даана
2000
4
Сары жалын бүркүүчү 26-мм сигналдык патрон
даана
1000
5
"Восток-СП" угут туруп кабыл алуучу пост
бирдик
4
6
"Галактика" РПУ (радиокабылдагыч түзүлүш)
бирдик
6
7
"Калина 12х80" антенналык коммутатор
бирдик
1
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.