# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-февралындагы № 94 ""Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-февралындагы № 94 ""Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17892/edition/1084537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 19-февралындагы № 94 ""Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" буйруку (19.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 19-февралы № 94 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 токтому менен бекитилген "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставынын 13-пунктуна ылайык:

1. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Рахманов Лутфулло Хасанджанович

\-

Ош шаарынын В.И.Ленин атындагы № 10 мектебинин тарых мугалими (макулдашуу боюнча);

Джураева Жаркынай Орозбековна

\-

У.Салиева атындагы Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинин тарых мугалими (макулдашуу боюнча);

Жолдошова Ыкывал Номановна

\-

генерал-майор М.Абдурахманов атындагы Ош жана Баткен облустары боюнча адвокаттар коллегиясынын № 5 юридикалык консультациясынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Назарбаев Колдошбай Мукидинович

\-

Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын актёру (макулдашуу боюнча);

Эргешова Сейил Бактыбековна

\-

Ош мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Садыкова Бегайым Гульбаевна

\-

Ош шаарындагы Киров атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 30-августундагы № 555 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

У.А.Марипов
