# КР Премьер-министринин 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б "Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштешин камсыздоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б "Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштешин камсыздоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 26-р
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17881/edition/1224855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б "Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштешин камсыздоо жөнүндө" буйругу (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218431

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 12-февралы № 26-б Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштешин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктундагы "2021-жылдын 1-мартына" деген сөздөр "2022-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-пунктунун 4-пунктчасынын биринчи абзацындагы "15-февралына" деген сөздөр "15-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 7-пунктундагы "2021-жылдын 1-мартына" деген сөздөр "2022-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартибинде:

- 22-пунктунда:

4-пунктчасындагы "долбоорлору менен бөлүшүүгө" деген сөздөр "долбоорлору жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктчасындагы "түзүүгө" деген сөз "киргизүүгө" деген сөз менен алмаштырылсын; 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7) Бирдиктүү порталды колдонуу эрежелери сакталбаган учурда иштеп чыгуучу орган тарабынан "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу даттанууларды берүүгө";".

Премьер-министр

У.А.Марипов
