# КР Премьер-министринин 2021-жылдын 9-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 9-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17874/edition/1066886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2021-жылдын 9-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218424

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 9-февралы № 48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

У.А.Марипов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары. Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары."
