КР Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 9-февралы № 48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары. Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары."
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чара көрүү жөнүндө)…Распоряжение · 20.03.2020 · № 171 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чара көрүү жөнүндө)…Распоряжение · 20.03.2020 · № 171 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон