КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүү жөнүндө» буйруку
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 25-январы № 10-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүү регламенти (мындан ары - Регламент) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Регламентти жетекчиликке алышсын жана милдеттүү түрдө аткарышсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
А.Э.Новиков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүү РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц-байланыш режиминде уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин белгилейт (мындан ары - ВКБ регламенти).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын (кеңешмелерин) видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүүнү пландоо жана уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде (мындан ары - Өкмөттүн Регламенти) белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын өткөрүүнүн учурдагы тартибине ушул ВКБ регламентинде каралган учурлардан тышкары ылайык келет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүү жөнүндө маселе зарылдыкка жараша Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибинде чагылдырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарынын күн тартибин түзүүгө карата талаптар Өкмөттүн Регламентинде белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жабык жыйындарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкуулоодо) видео-конференц-байланыш системасы пайдаланылбайт.
2-глава
Видео-конференц-байланыштын катышуучусунун сырткы көрүнүшүнө, кийинүү стилине жана өткөрүлүүчү жайдын арткы фонун жасалгалоого карата талаптар
5. Видео-конференц-байланыштын катышуучулары үчүн сырткы көрүнүшүнө жана кийинүү стилине карата төмөнкүдөй жалпы талаптар белгиленет:
1) сырткы көрүнүшү тыкан жана расмий-иштиктүү стилде болуусу керек;
2) кийими олуттуу, иштиктүү стилде, мүмкүн болушунча консервативдүү-классикалык багытта болуусу керек. Кийимдин түсү классикалык иштиктүү стилге ылайык келиши керек, өтө ачык түстөр, кийимдин предметтеринде үчтөн ашык түстөр болбошу керек;
3) спорттук үлгүдөгү жана иштиктүү эмес стилдеги кийимдер, анын ичинде джинсы кийимдер, чолок шым, ачык сарафандар, футболка, тенниска, кепка, спорттук свитерлер, ошондой эле денеге кыналган кийимдер алгылыктуу эмес;
4) видео-конференц-байланыштын катышуучусунун кийиминин иштиктүү стили жыл мезгилдерин эске алуусу керек, жайкы мезгилде (май-октябрь) бир өңдөгү жарык түстөр сунушталат. Косметика жана жасалгалар аз болуусу кажет.
6. Бөлмөнүн арткы фонун жасалгалоо жана видео-конференц-байланыштын катышуучусунун сырткы көрүнүшү иштин жагдайына ылайык келиши керек. Турмуш-тиричилик буюмдары көрүнгөн арткы фонду пайдаланууга болбойт. Бөлмө жарык болууга тийиш. Камера башка адамдар же бөлмөгө киргендер кадрга түшүп калбагыдай жагдайда орнотулууга тийиш.
3-глава. Видео-конференц-байланыштын катышуучусунун жүрүм-турумуна карата талаптар
7. Видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүлгөн жыйындын (кеңешменин) катышуучусуна жыйын (кеңешме) башталганга чейин 1 сааттан кечиктирбестен видео көрүнүшүнүн жана үн уктуруунун сапатын текшерип көрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына чакырылган катышуучулардын келишин камсыз кылуу сунушталат.
8. Видео-конференц-байланыштын катышуучулары тоскоолдуктар болбошу үчүн микрофонду зарылдыкка жараша гана күйгүзүп, керек болбогон учурда токтоосуз өчүрүп коюуга тийиш.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты видео-конференц-байланыштын модераторун (талкуунун жүрүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укук берилген жооптуу адам) дайындай алат.
4-глава. Видео-конференц-байланышты өткөрүүдө видеого жана үндүн чыгышына карата талаптар
10. Байланыш сеанстарын өткөрүү үчүн базалык технология болуп ITU-T (Эл аралык электр байланыш уюмунун - Стандартташтыруу секторунун) рекомендациялары - IP-тармактардын базасындагы заманбап видео-конференц-байланыш системаларын түзүү үчүн стандарт саналат. Соңку түзүлүш үчүн байланыштыруунун базалык ылдамдыгы болуп видео-конференц-байланыш үчүн видео көрүнүштү жана үндү жогорку сапатта камсыз кылуучу 768 кбит/с жана андан жогорку тилке эсептелет.
11. Видео көрүнүштүн уруксат берилген сапаты жана секундадагы кадрлардын саны байланыш каналдарынын сапатына, соңку түзүлүштүн өндүрүмдүүлүгүнө, жабдуунун мүмкүнчүлүгүнө жараша болот жана видео-конференц-байланыш учурунда динамикалык өзгөрүп туруусу мүмкүн, бирок 768 кбит/с кем эмес.
5-глава
Видео-конференц-байланышты өткөрүү үчүн программалык продуктуга, байланыш каналдарына жана жабдууга карата талаптар
12. Микрофонду видео-конференц-байланыштын бардык катышуучуларынын сөзүн бул түзүлүш айырмалап биле тургандай жайгаштыруу керек. Микрофонду ыңгайлуу жайгаштыруу - видео байланыш системасынан 2 метр жана столдун кырынан 30 сантиметр аралыкты түзөт. Эгер видео-конференц-байланышка бир катышуучу катышса, компьютердик гарнитураны (компьютер үчүн микрофону бар кулакчынды же болбосо үн жана сөздү уктуруу сапаты жакшы болгон мобилдик түзүлүштү) пайдаланууга жол берилет.
13. Камераны монитордун үстүңкү кырынын так ортосуна жайгаштыруу сунушталат.
14. Конференцияга абдан көп терминалдар кошулган айрым учурларда системанын конфигурациясы төмөнкүдөй болушу мүмкүн, мында видео-конференц-байланыштын айрым катышуучулары сеанста активдүү катышат, ал эми калгандары жөн гана карап отуруу үчүн кошулат. Мында зарылдыгына жараша катышуучунун статусу динамикалык өзгөрүшү мүмкүн.
15. Программалык камсыздоо төмөнкү функцияларды камсыз кылуусу керек:
1) топтомдорду коммутациялоо менен тармактар үчүн байланыштын сапатын жакшыртуучу адистештирилген технологиялардын болушун;
2) мамлекеттик тилде жана/же расмий тилде жөнөкөй жана интуитивдик башкаруу интерфейси.
16. Видео-конференц-байланышка катышуу жана видео-конференц-байланыштын максималдуу жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй параметрлерге ылайык келүүчү жабдууну жана программалык камсыздоону пайдалануу сунушталат:
1) процессору Core2Duo 20GHz жана жогору болгон персоналдык компьютер (ноутбук);
2) жабдуунун төмөнкүдөй техникалык мүнөздөмөлөрүнө ээ болгон USB-порт аркылуу туташтырылган веб-камера:
- камеранын минималдык мүмкүнчүлүгү 720p (HD) жана жогору;
- кароо бурчу минимум 65 градус жана жогору;
3) динамик же кулакчындар (бири-бирине жакын жайгаштырылган бир нече компьютерлердин жардамы менен видео-конференц-байланышка катышкан учурда акустикалык кайтарым байланыштан келип чыккан акустикалык жолтоолорду басуу максатында милдеттүү түрдө кулакчындарды пайдалануу зарыл);
4) микрофон (үндү жакшы сапатта кабыл алуу үчүн компьютердин үн платасынын микрофон кире турган жерине туташтырылган аналогдук микрофонду пайдалануу ылайыктуу. Жаңырык угулбас үчүн, паразиттик кайтарым байланыш ж.б. болбошу үчүн динамиктерди микрофондон ажыратып салуу ыңгайлуу болот);
5) Windows/UNIX операциялык системасы жана башкалар;
6) Google Chrome же Mozilla FireFox браузери жана башкалар;
7) видео-конференц-байланыштын ар кандай колдонмо программалары;
8) өткөрүү, кирүү/чыгуу трафигинин тилкеси менен Интернетти пайдалануу каналы ушул ВКБ регламентинин 11-пунктунда аталган мааниден төмөн болбошу керек.
17. Байланыштын сапаты Интернетке кирүү каналындагы жүктөөгө жана компьютердин өндүрүмдүүлүгүнө (борбордук процессордун жүктөмүнө) жараша өзгөрүшү мүмкүн. Видео-конференц-байланыш учурунда борбордук процессордун жүктөмүн азайтуу үчүн жеке компьютердеги пайдаланылбаган тиркемелерди жабуу сунушталат.
18. Адистештирилген жабдуу болбогон учурда видео-конференц-байланыштын катышуучусуна колунда болгон соңку түзүлүштү (ноутбук, планшет, мобилдик телефон ж.б.) пайдаланууга жол берилет. Соңку түзүлүш Интернет тармагына туташтырылуусу, видео-конференц-байланыш режиминде катышуу мүмкүндүгү болуусу жана ушул ВКБ регламентинин 11-13-пункттарынын талаптарына жооп берүүсү керек.
6-глава. Маалыматтык коопсуздукка карата талаптар
19. Видео-конференц-байланыштын ар бир катышуучусун авторлоштуруу техникалык колдоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
20. Ачык видео-конференц-байланышты өткөрүүдө авторлоштурулбаган катышуучуларга конок катары кирүүгө жол берилет. Авторлоштурулбаган катышуучулардын жүрүм-турум эрежелерин техникалык колдоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
21. Медиа агымдарды жана сигналдык маалыматтарды берүү үчүн минималдуу сандагы зарыл болгон порттор пайдаланылууга тийиш, ал эми пайдаланылбаган порттор тармактык жабдууда жабылуусу керек.
22. Жабык видео-конференц-байланышты өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын жетекчиликке алуу зарыл.
23. Техникалык колдоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган локалдык тармактагы компьютер менен, IP даректердин диапазону, ошондой эле сервердин администраторлорунун эсептик жазуулары менен серверге кирүүнү чектейт. Бул бөтөн адамдардын башкаруу панелине кирүүсүнө жол бербейт.
24. Трафикти кошумча коргоону камсыздоо, видео-конференц-байланыштын жүрүшүндө байланыш каналдары аркылуу берилген маалыматты түз (мыйзамсыз) пайдаланууга тоскоол болуучу шарттарды түзүү үчүн тармактын сегменттеринин ортосунда жалпы трафикти өтмө шифрлөөнү камсыздоочу программалык жана программалык-аппараттык тармактык жабдууну колдонуу сунушталат.
7-глава. Техникалык колдоо
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын видео-конференц-байланыш режиминде өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин материалдык техникалык камсыздоого жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган техникалык колдоо көрсөтөт.
26. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин материалдык техникалык камсыздоого жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өткөрүлгөн жыйындарынын видео жазууларынын архивде сакталышын камсыздоого тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген)Регламент · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон