# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 417-б "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 417-б "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 417-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17865/edition/1040732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 417-б "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө" буйругу (31.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 31-декабры № 417-б 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:

1. "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. 4-фаза" долбоору боюнча расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген Жерди алып коюу жана көчүрүү планы көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жогоруда аталган Макулдашууда каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосунун алкагында акчалай компенсация төлөп берүүнү мыйзам менен белгиленген тартипке ылайык камсыз кылсын.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков
