# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 393-б "Тышкы миграция жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 393-б "Тышкы миграция жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 393-р
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17831/edition/1041523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 393-б "Тышкы миграция жөнүндө" буйругу (07.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218380

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 7-декабры № 393-б "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө талдоо жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков

Тиркеме

2021-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык КВОТА

№

Региондун аталышы

Саны (адам)

1

Бишкек шаары

300

2

Ош шаары

18

3

Баткен облусу

8

4

Жалал-Абад облусу

14

5

Ысык-Көл облусу

14

6

Нарын облусу

14

7

Ош облусу

14

8

Талас облусу

8

9

Чүй облусу

110

10

Республика боюнча жалпы:

500
