# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 650 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 650 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 650
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17830/edition/1041521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 650 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218379

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-декабры № 650 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын жобосуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 буйругу.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын КУРАМЫ Укук коргоо блогунун маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол активдерин башкаруу боюнча бөлүмүнүн начальниги; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Ижарачылар жана жеке транспорт айдоочулары" республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); CAFMI изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); "Реформалар жана натыйжалар үчүн" жарандык союздун координатору (макулдашуу боюнча); Темир Джумакадыров атындагы "ProLex" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулар союзу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
