Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-декабры № 650 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын жобосуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 буйругу.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э.Новиков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын КУРАМЫ Укук коргоо блогунун маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол активдерин башкаруу боюнча бөлүмүнүн начальниги; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Ижарачылар жана жеке транспорт айдоочулары" республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); CAFMI изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); "Реформалар жана натыйжалар үчүн" жарандык союздун координатору (макулдашуу боюнча); Темир Джумакадыров атындагы "ProLex" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулар союзу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияны бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.11.2017 · № 818
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.05.2018 · № 314
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
- КР Өкмөтүнун токтому 1998-жылдын 30-ноябры № 777 "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 30.11.1998 · № 777 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.